Биз социалдык тармакта

Өлкөдө бир жумада 22 миңге чукул жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

30-октябрдан 5-ноябрга чейин өлкөдө 21 миң 812 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен:
  • Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу - 632;
  • Мас абалында унаа башкаруу - 368;
  • Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 293;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин бузуу - 538;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 1055;
  • Автоээнбаштык - 26;
  • Белгиленген ылдамдык чегинен ашуу - 924;
  • Жасалма мамлекеттик номер менен унаа башкаруу - 6;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча – 15 миң 582 учур аныкталган.

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2388 унаа айып короого киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан