Биз социалдык тармакта

Ала-Арчада жоголду делген өспүрүмдү издөөгө тик учак көтөрүлдү (видео)

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ала-Арчада дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Амирди издөө иштерине тик учак көтөрүлгөнүн билдирип, тийиштүү видеону жарыялады.

Министрликтин бүгүн, 9-ноябрда берген маалыматына ылайык, окуя болгон жерге куткаруучулар жана ӨКМдин жетекчилиги бара жатат. Издөө-куткаруу иштери уланууда.

Кошумча маалымат берилет.

Эскерте кетсек, өспүрүм 7-ноябрда аталган жаратылыш паркына чуркоо үчүн барып, Адыгене капчыгайына өз алдынча кеткен. Андан кийин ӨКМге адашып калганын айтып байланышкан. Бирок куткаруучулар азырынча анын баштыгын гана табышты.

Ала-Арчада жоголду делген өспүрүмдү издөөгө тик учак көтөрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
karona
2026-11-09 16:32:00
Эмнеге 07.11 куну чалып, жоголгонун айтса, булар 09.11 куну издеп баштады? звонок келээри менен эле барып издесенер болбойт беле????
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан