Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу 22-январда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди. Саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндөгү 136-көп кабаттуу үйдө жарык өчөт. Ошондой эле саат 09:30дан 15:00гө чейин Көк-Жар (Арстанбап, Сайма-Таш, Боогачы, Босого, Көк-Жайык, Көк-Жаңгак, Акылбеков көчөлөрү) конушунда жарыкка чектөө киргизилет.
12:00дөн 17:00гө чейин Көк-Жар конушунун Тоң, Коңорчок, Көк-Жар, Шоокум, Ой-Терскен көчөлөрүндө жарыктын өчүрүлүшү күтүлөт.
Чүй облусундагы Аламүдүн районунда Виноградное, Полевое, Таш-Дөбө айылдарында (Горький, Ленин, Подгорная, Южная, Совет, Колхоз, Нарын, Бегельдинов, Ала-Тоо, Кооперативная, Больничная, Аптечная, Первомайская, Каракол, Ай-Булак, Зелёная көчөлөрү), Сокулук районундагы Национальное, Панфилов, Сокулук айылдарында, Москва районундагы Петровка, Беловодск, Сретенка айылдарында, Жайыл районундагы Алексеевка айылында, Кара-Балта шаарындагы Жамбыл, Ленин, Карл Маркс, Мир, Тоголок Молдо көчөлөрүндө жарык өчөт.