Өлкө аймагында 23-январдан 27-январга чейин мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым аймактарда кар катуу жаайт. Ага байланыштуу аба ырайынын кескин өзгөрүлүүсү күтүлүп, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-январдан 27-январга чейин абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°С, айрым жерлерде -25°С суукка чейин, күндүз -5…-10°С, айрым жерлерде -15°С, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -7…-12°С, күндүз -3…-8°С, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -10...-15°С, чыгышында -20°С, күндүз -5...-10°С, чыгышында -8...-13°С, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°С, күндүз -15…-20°С, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°С, күндүз -17…-22°С, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°С, күндүз -20…-25°С суук болушу күтүлөт.
Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарда малды кармоону татаалдантып, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.