Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева өлкөдө заманбап стандарттарга жооп берген жогорку окуу жайлар гана калышы керек деген пикирин айтты. Ал бүгүн, 22-январда Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги менен жыйынга катышууда.
Д.Ниязалиеванын билдиришинче, жараксыз окуу жайларды аккредитациялоо аркылуу гана кыскартса болот. "Мындан улам аккредитациялоо маселесин чечүү керек. Президент айткандай, биз сандан сапатка өткөнүбүз туура. Ошентип, билимдин ордуна диплом гана берген окуу жайларды кыскартыш керек",- деди вице-премьер-министр.