"Кыргызстанда электрондук китептерди чгарууну тездетиш керек",- деди бүгүн, 22-январда Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуусунда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.
Анын айтымында, учурда мектеп окуучуларынын 70 пайызы гана китеп менен камсыздалган. "Бул маселени электрондук китептерди чыгаруу менен чечсе болот. Бул багытта иш жүрүп жатат. Бирок аны тездетиш керек. Азыркы тапта 2-3-класстардын окуучулары үчүн гана мындай китептер чыккан. Керектүү механизмди колдонуп, калган окуучуларды да электрондук басылмалар менен камсыздаш керек",- деди Ниязалиева.
Мындан тышкары ал балдарга билим берүүчү телеканал Чүй облусунда гана көрсөтүлгөндүгүн баса белгиледи. "Эртең мен бул телеберүүнүн жетекчилиги менен жолугушуу өткөрөм. Телеканалды жалпы өлкө боюнча көрсөтүүнү талкуулайбыз",- деп толуктады вице-премьер-министр.