Аида Салянованын кызматына кайтып келишин талап кылган тарапташтары бүгүн да Ак үйдүн жанына митингге чыгышкан. Аларга Аида Салянованын тууганы Калый Салянов келип жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда SUPER.KG порталына митингдин катышуучулары билдиришти.
Маалыматка ылайык, митингдин катышуучуларына келген Калый Салянов башкы прокурорлук кызматынан кеткен Аида Салянованын атынан аны колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, бирок мындан ары митингге чыкпоосун өтүнгөн. Андан соң чогулгандар тарап кетишти.
Эске салсак, башкы прокурордун кызматына кайра келишин талап кылгандар кечээ, 21-январда да митинг өткөрүшкөн. Бирок ал митинг натыйжасыз болуп, башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кетүүгө жазган арызы Жогорку Кеңеште каралып, ага 57 депутат “макул”, 18 депутат “каршы” деп добуш берген. Ал эми бүгүн, 22-январда президент Алмазбек Атамбаев аны негиз кылып, Салянованы кызматтан алуу боюнча буйрукка кол койду.