Диний ишмер: "Кыргызстанда шииттер "Ага-хан" фонду аркылуу өз таасирин жайылтууга аракет кылып жатышат"

Бүгүн, 22-январда тегерек столдун жүрүшүндө диний ишмер Чубак ажы Жалилов "Кыргызстанда шииттер "Ага-хан" фонду аркылуу өз таасирин жайылтуу иш-аракетин жүргүзүп жатышат" деп жарыялады.

Анын айтымында, аталган фонддун өкүлчүлүктөрү өлкөнүн Ош жана Нарын шаарларында бар. "Бул фонд перс тилин жана маданиятын окутуу деген шылтоо менен Сириядагы шиит агымынын таасирин жайылтууда. Ал эми Кыргызстандагы мусулмандардын көбү сунниттер",- деди Жалилов.

Мындан тышкары ал кыргыздардын тарыхындагы исламдын өнүгүшү боюнча пикирин айтты. "Кыргыздар көчмөн эл болгондугунан исламдын ар кандай агымдары өз таасирлерин тийгизип келген. Бүгүнкү күнү кыргыз салттуу исламы башка коңшу улуттардыкындай толук калыптана элек",- деди диний ишмер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Lenin
2015-01-22 17:32:05
Туп туура айтат Бул фонд, Нарындагы университеттин ачылышы бул совсем туура эмес. Мен муну илгертеден бери айтып келем. Шиит агымы бизде такыр болбойт.
+1
uulay
2015-01-22 18:02:27
Ата бабабыз тутунуп келген динди туура эмес деп ушулар бузуп жатат да
+2
Ajar.
2015-01-22 18:12:13
Мурда ислам, мусулман деген 2 эле түшүнүк менен, Кудайдан коркуп жашап келдик эле, хотя атеизм өкүм сүрүп турса да, азыркыдай кадам сайын мечит болбосо да. Азыр диний терминдерден, түшүнүктөрдөн баш адашат: шиит, суннит (качан биз ушинтчи элек), хатиб, даават, фатва, умра... Аша чаап кеттик окшойбуз, элдин башын айлантып...
+2
myrza80
2015-01-22 19:02:26
Ajar.,бул жерде эч кандай баш адашып аша чаап кеткен эч ким жок ошон учун кичине болсо да илим алышыбыз керек илимсиздиктин айынан кыргызстанда дин маселеси курч бойдон калууда,суннит деген соз суннотту кармангандар болот,шииттер сунниттердин каршылашы.Илимсиздиктен адамдар Сирияга кетип жатышат,ал жакта ким менен ким согушуп жатат билишпейт баргандар оздору да.
+1
myrza80
2015-01-22 19:06:58
Бул нерсеге батыраак чара корушубуз керек,болбосо бизде да шииттер кобойсо оз ара тополон чыгышы мумкун бирок бул нерседен АЛЛАХ озу сактасын.Шииттер тууралуу интернеттен издесенер коп нерсе табасынар.
+1
KIPCHAK-KALMAK
2015-01-22 21:41:25
Ажыкеге Алла раазы болсун шиитердин туура эмес таасирин бизге тийип калышын алдын ала айтып жеткизип атканына колуна кол болуп токтотуш керек пока кеч боло электе
+1
Xabibbullo
2015-01-23 04:30:18
Шиитердин динге зыяны Кафирлардан да ото чон ХХХ ХХХ ХХХ... Мамлекеттен депорт кылыш керек.
0
admin_portal
2015-01-23 10:33:48
Xabibbullo - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
Xabibbullo
2015-01-23 04:33:21
Шиитер ото коркунучтуу агым буларын терордон да жаман арабызда журо берет бирок таба албайсын тааный албайсын сак болгула айланайын Кыргызым адашып кетесинер эгер шииттин тилин алып Ыймандуу адамга алмаштырып албагыла.
0
uulay
2015-01-23 09:45:07
Ээ Алла озун туура жолго сала кор.Шииттердин бир майрамы бар оздорун камчы мн сабашып, бийлешет.Мусулманчылыкта озуно-озун зулум кылуу бул-куноо.Кыскасы адашкандар.Ушулардын айынан ислам дини жаман корунуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан