Ош шаарынын мэри эстакадалык көпүрөнүн курулушунун 3-этабынын долбоорун талкуулады

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Навои көчөсүндө салынып жаткан эстакадалык көпүрөнүн курулушунан кабар алып, жакындан таанышып чыкты. Бул тууралуу 22-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Көпүрөнүн курулушу жүрүп жаткан жерде Мамлекеттик техникалык көзөмөлдөө кызматы курулушка керектелүүчү каражаттарды толугу менен текшерүүдөн өткөргөн соң гана пайдаланууга берилип жаткандыгы белгилүү болду. Ал эми калаа башчысы көпүрөнү курууда эч кандай мүчүлүштүктөргө жол берилбеши керектигин белгиледи.

"Бул көпүрөнүн Ош шаарынын элине татыктуу кызмат кылуусуна бул жерде иштеп жаткан ар бир жумушчу жоопкерчиликтүү. Бул жерде бир гана мэрия эмес, бүтүндөй шаар эли чоң үмүт менен сиздердин эмгегиңиздерге көз салып турат. Кетирилген бир гана кемчилик кылган бардык аракетибизди жокко чыгарбашы үчүн кылдаттык менен иш алып баруу зарыл”,- деди А.Кадырбаев.

Көпүрөнүн 2-этабынын курулушу бүткөндө 3-этабында ички жолдорду куруу иштери башталат. Ага карата учурда долбоор даярдалууда. Долбоорго шаар мэри бир катар сунуштарын берип, карап чыгууга тапшырды.

Ал эми көпүрөнү куруу үчүн учурда 80ге жакын жумушчу эмгектенип жатат. Оор техникалардын 10дон ашуун түрү иштөөдө. Учурда экинчи этабына бөлүнгөн акча каражатынын 100 миллион сому пайдалануу үчүн Жол башкармалыгынын балансына которулган. Бүгүнкү күндө жумушчулар жатып иштешет, жумуш саат 9:00дөн 17:00гө чейин созулуп, үч убак ысык тамак берилип жатат. Ал эми алардын эмгек акысы айына 30-35 миң сомдун тегерегинде жана өз убагында берилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
kana21
2015-01-22 17:26:53
100 мин акча каражаты болунуп 70 мин сому пайдаланылды. Тушунбой калдым, бул акчаны каяка пайдаланды
0
Compact
2015-01-22 17:43:35
kana21, 100 мин болунутпур, 80 мини колдонулуптур. Тушундуш?
0
fora
2015-01-22 17:45:16
Мелис мырза болгондо копуро буттуп калмак эми коробуз канчага созоор экен бул мэр мэр деп айткангада татыбайт биз учун
+2
OTYPBARATYPELEEE
2015-01-22 18:15:07
Ак бууранын дал устундогу копурого коюлган балка-бетондорду талкалап жана четиндеги жоо адамдар отчу копуронун темирин темирге сатып жибербей башка жерге копуро салса болмок. Биздин бир жездебиз ошол копурого иштетебиз бергиле десе беришпей койгон экен. Жон гана газ сварка менен кесип темир алгандарга болбогон эле акчага сатып жиберишти. Чылк темир уютулган бетон балкаларды да талкалап темирин металга сатып жиберишти. Копуро кура турган айылдарга берсе болмок.
+1
010288
2015-01-22 18:31:23
жазга бутот деп жатып эле,кузго жылды окшойт
0
SULUU-KYZ
2015-01-22 18:59:10
Кечиресиздер.Новои деген кочону кыргызча аталышта озгортсо болбойбу?
+1
AGUSH
2015-01-23 01:25:11
SULUU-KYZ, Мелис байке болгондо озгортмок кыйласы озгорулуп калжы еле
-1
bektursun2010
2015-01-22 19:08:24
Оштун кочолору озбокчо качанга чейн аталар екен
0
sabyr1977
2015-01-22 23:42:05
Ушу копуросу бутпой койдуго.бул жаны мер да копуро деп журуп копуродон кулап кетпесе болду еми.мелисти копуродон туртуп жибериштиго.
-1
aitmat
2015-01-22 23:48:39
бул мер менен копуро 2050-жылдары бутуп калат эгер качып кетпеселе
0
aika1405
2015-01-23 11:21:33
Бул копуро эмне 20 этап менен бутобу?
-1
Tursunbek14
2015-01-23 11:51:22
эээээ...копуро боюнча бардыгы мырзиктер жыйында келди(((. Копуро барибир бутуп калат! эч кандай маселе бу боюнча жок. Ар бир Оштун калкы ушул копуро ыраазы болот. жаман айтса эмне кыласынар?
0
Tursunbek14
2015-01-23 12:20:27
эээээ...копуро боюнча бардыгы мырзиктер жыйында келди(((. Копуро барибир бутуп калат! эч кандай маселе бу боюнча жок. Ар бир Оштун калкы ушул копуро ыраазы болот. жаман айтса эмне кыласынар? патриотизм деген сизде барбы? Биздин Ош шаарым ушундай жолдоруна барса, эмне кийн болот? эмне биздин бала-чака беребиз?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан