Кыргызстанда бардык диндер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Дин маселелери боюнча мамлекеттик комиссиясынын башчысынын орун басары Закир Чотаев билдирди.
Анын айтымында, республикада ислам кыргыз элинин салттары менен биргеликте өнүгүп, бири-бирине каршы чыкпай келет. "Өткөн кылымдан бери биздин аймакта салттуу ислам жайылып келген. Ал светтик мамлекет жана светтик баалуулуктар менен бирге жашап келет. Мамлекеттин диний иш-аракетти жөнгө салганы туура. Дин саясатка аралашпашы керек. Өлкөдө диндерге бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн",- деди Чотаев.