Акыркы беш жылдын ичинде мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин көлөмү 57 миллиард сомдон 119 миллиард сомго чейин же 208 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кирешелердин жылдык өсүшү орто эсеп менен 120,2 пайызды түзгөн. "2010-жылы бюджетке 57 миллиард сом, кийинки жылы 77 миллиард сом, 2012-жылы 86,7 миллиард сом, 2013-жылы 101,8 миллиард сом түшкөн. Ал эми өткөн жылдын көрсөткүчү, алдын ала маалыматтарга караганда, 119 миллиард сомго барабар. Мунун 27 миллиарды салыктык эмес кирешелер, 9 миллиарды расмий трансферттер (чет өлкөдөн акча которуулар)",- деп билдиришти басма сөз кызматынан.