Ош облусунда 2015-жыл “Экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо жылы” деп жарыяланды

Ош облусунда 2015-жыл “Экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо жылы” деп жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди.

“Биз 2015-жылды “Экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо жылы” деп жарыялаганыбыздын себеби, өлкөбүз Бажы биримдигине кошулуп, 5 миллиондон 180 миллион калкы бар рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгү ачылды. Биздин облустун дыйкан-фермерлеринин экологиялык таза продукциялар менен ар кандай атаандаштыкка туруштук берип, экспортко чыгууга мүмкүнчүлүгү жогору. Эгерде биз экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоп койсок, экспортко чыгуунун жолун дыйкандарыбыз өз убагында өздөштүрүп кетишсе облустун айыл чарбасында абдан чоң ийгиликтер жаралат”,- деди Сооронбай Жээнбеков. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан