Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүндө маселелер алгачкы айларда гана болору айтылды

Кыргызстандын Бажы биримдигинде кирүүсүнө байланыштуу маселелер алгачкы айларда жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Орусиянын Федералдык бажы кызматынын Бажы кызматташтыгынын башкармалыгынын башчысы Сергей Коноваленконун айтканын орусиялык басылмалар жарыялашты.

Анын айтымында, аталган маселелер негизинен кыргыз тараптын чек араларда маалыматтык системдерди камсыздоо боюнча милдеттерин аткарышына байланыштуу. "Кыргыз чек аралары ылайыктуу жабдылышы керек. Кыргызстандын жана Казакстандын көзөмөлдөөсүн алып, маалыматтык аракеттешүүнү жөнгө салуу зарыл. Бул максатка жумшалган чыгамдар тез арада өзүн актап коёт",- деди Коноваленко.

Мындан тышкары ал Кыргызстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунда көп жылдар бою мүчө болушу эч кандай тоскоолдук болоруна ишенбегендигин жазышты басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2015-01-25 01:56:23
kursantbek, саламатсызбы!
Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган кандайдыр бир жаңылык болсо, kabar@super.kg электрондук дарегине жөнөтүп, биз менен бөлүшсөңүз болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан