Дем алыш күнү Бишкектеги айрым аймактарда электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт

Борбор калаада 25-январь күнү көмөк чордондогу оңдоо иштерине байланыштуу айрым аймактарда электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбордогу Жибек Жолу, Абдрахманов, Чүй, Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишкен чарчысындагы “Центральная-1” көмөк чордонунда оңдоо иштери жүргүзүлүп, электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. "Түндүк электр" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайт.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан