Сауд Арабиянын падышасы
Абдулла бин Абдель Азиз аль-Сауд каза болгонуна байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи
Максатбек ажы Токтомушев өзүнүн жана жалпы мусулмандардын атынан Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчилигине көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, муфтий Сауд Арабиянын падышасынын өлүмү бүткүл мусулман элинин оор жоготуусу экендигин белгилеп, Сауд Арабиянын элинин кайгысын тең бөлүшөрүн айтты.
Эске салсак, Сауд Арабиянын падышасы 22-январь күнү 91 жашында каза болгон. Ал өпкөнүн сезгенүү илдетине чалдыгып, ооруканада дарыланып келгени айтылууда.