Ошто мектеп тамак-ашынын сапатын жогорулатуу, бала бакчалардын санын көбөйтүү боюнча талкуу болду

Ош мамлекеттик университетинде экс-президент Роза Отунбаева билим берүү кызматкерлери жана бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, жолугушуу БУУнун "Дүйнөлүк азык-түлүк" программасынын колдоосу менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү” долбоорунун алкагында болду. Жыйындын жүрүшүндө мектеп тамак-ашынын сапатын жогорулатуу, бала бакчалардын санын көбөйтүү жана жай мезгилинде жайлоодогу балдар бакчаларын түзүү аркылуу балдарды мектепке чейинки даярдоону камсыздоо тууралуу кеңири пикир алышуу жүрдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан