Бишкек мэриясынын “185” ыкчам чара көрүү кызматына 16-23-январь күндөрү 154 кайрылуу түштү

16-январдан 23-январга чейин Бишкек мэриясынын “185” ыкчам чара көрүү кызматына 154 арыз жана кайрылуу түштү. Алардын 71и каттоого алынып, 56 кайрылуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлдү. Тактап айтканда, катталган кайрылуулардын 78 пайызына чара көрүлдү. Муну бүгүн, 23-январда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Кайрылуулардын көпчүлүгү электр энергиясы, жылуулук берүү жана көчөлөрдү жарыктандыруу маселелери боюнча болгону айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан