Бишкек-Ош жолунда кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иштери убактылуу токтотулду

Бишкек-Ош жолунун кооптуу аймактарында кар көчкүлөрүн атайлап аткылап түшүрүү иштери 23-январда убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, кар көчкүлөрүн аткылоо иштери катаал аба ырайына, коюу туманга байланыштуу токтотулду. ӨКМ Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу аркылуу жүрүүгө чектөө киргизилгенин эскертет. Аталган жолдо унаалардын жүрүшүнө саат 18:00дөн 08:00гө чейин чектөө кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан