"Кызамык оорусунун алдын алуу үчүн ымыркай балдарды өз учурунда медициналык эмдөөдөн өткөрүү керек". Мындай ойду Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов телеканалдардын бирине берген маегинде билдиргенин казыяттан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, облус казысы оорулардын алдын алууда жасалган медициналык эмдөө боюнча ислам шариятында эч кандай тыюу жоктугун, кээ бир ушак-айыңдарга ишенип, жарандардын эмдөөдөн баш тартуусуна динде да четке каккан негиз жок экендигин, ошол себептен буга чейин деле жарандардын саламаттыгынын коопсуздугу үчүн Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана облустук казыяттар жарандарды ажыга жөнөтүү мезгилинде ар бир жарандын ден соолугуна кам көрүп, тиешелүү эмдөөлөрдөн өткөрүп келгендигин белгилеп өттү.