Баткендеги "Айкөл" чек ара тозотундагы окуяга байланыштуу күнөөлүү жетекчилер кызматтарынан бошотулушту

Баткен облусундагы "Айкөл" чек ара тозотундагы окуя боюнча ички кызматтык тергөө амалдарынын жыйынтыгынын негизинде күнөөлүүлөргө чара көрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жеке курамды начар көзөмөлдөө, чек ара түзүмдөрүнүн аскердик кызматындагы жардамды начар уюштуруу, кырсыктардын алдын албоо жана жекече тарбиялоо иштеринин жоктугунан улам Лейлек чек ара тозотунун башчысы, тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматтарынан бошотулушту. Мындан тышкары Баткен облусу боюнча Чек ара кызматынын башкармалыгынын 4 офицери жана Чек ара кызматынын борбордук аппаратынын жогорку деңгээлдеги 4 кызматкерине тартипке чакыруу чарасы көрүлдү.

КРнын Чек ара кызматынын башчысы Р.Дүйшөнбиев "Айкөл" чек ара тозотунун жеке курамын толугу менен алмаштыруу чечимине келип, 25-январда бул максатын ишке ашырды. Аталган тозотто кызмат өтөгөн аскер кызматкерлери башка чек ара тозотторуна жөнөтүлүштү.

Эскерте кетсек, 16-январь күнү саат 22:50 чамасында Лейлектеги чек ара кошуунунун “Айкөл” чек ара тозотунда атылган октон зардал каза таап, эки чек арачы жарадар болгонКол салуунун бети ачылып, кызмат өтөгөн жоокер ок чыгаргандыгын моюнуна алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle
2015-01-26 10:26:06
Эмне себептен болду ?
свидетель жок болсун деп аттыбы же дед.общинабы ?
0
admin_superstan
2015-01-26 10:33:34
Rifle, саламатсызбы!
Жоопту төмөнкү шилтемедеги кабардан окуй аласыз:
http://www.super.kg/kabar/news/96706/
Лейлек районунун тургуну билдирүүсү боюнча, тозотто келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокер жергиликтүү тургун менен 50 миң сомго мелдеше кетип, чек ара тозотунун зардалын атып салган. Шектүү чачма октуу мылтык менен аткандыктан, октун чачырандылары эки чек арачыга да тийген.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан