Чөбөрөлүү кыргызстандык жаран Улуу Ата Мекендик согушка кеткен атасы жөнүндө кайгылуу кабар алды

Чүй облусунун Садовое айылында жашаган Советбек ата Улуу Ата Мекендик согушка кетип, кийин дайынсыз болгон атасы жөнүндө кайгылуу кабар алды. Бул тууралуу Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай улуттук коомунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Советбек атанын кызы бул уюмдун Издөө кызматына чоң атасын таап берүү суранычы менен кайрылган. "Атам бир жашка чыкканда чоң атам Жетешик Абилов фронтко кеткен. Кесиби боюнча ветеринар экен. Ал 33 жашта болчу. Чоң атам үйгө тез-тез кат жазып турган. Каттарында ал Волоколамск шоссесин коргоо тууралуу жана панфиловчулардын эрдигин чагылдырган. Андан кийин чоң атам дайынсыз жоголгон",- деп маалымдаган Советбек атанын кызы.

Издөө кызматы бул тууралуу Орусиянын Кызыл Крест коомунун Издөө жана маалымат борборуна кайрылганда, төмөнкүдөй жооп айтышкан: "Новгород облусунун Аскер комиссариатынын маалыматына ылайык, Абилов Жетешик 1942-жылы Пустыньки айылынын аймагында курман болуп, Новгород облусунун Холмск районундагы Камень айылында жерге берилген".

"Көп жыл өткөнүнө карабастан, чөбөрөлүү болуп калган Советбек ата үмүтүн үзбөй, өз атасы жөнүндө кабар күтүп келген. Учурда Жетешик аскердин уулуна Новгород облусуна барып, эскерүү аземин өткөрүүгө жардам көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз",- деп билдирди Кызыл Жарым Ай коому.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bazar
2015-01-26 10:37:28
Кайгылуу кабар эмес, жакшы кабар. Атасынын өлгөн жерин, көмүлгөн жерин билди. Жараткан бейишинен оорун берсин!
+8
Jikos
2015-01-26 10:58:03
Биздин бабабыз да дайынсыз жоголгон, изилегенге умут бар экен....
0
danyshman
2015-01-26 13:58:15
Илгери курман болгон маалда укса кайгылуу болмок,азыр эми укса суйунучтуу кабар да.
0
nur-patriot
2015-01-26 17:00:15
danyshman, балким согушка кеткен атасы тирүү болмок. Анда ал 100 жыл жашта жеткен чал болот эле да. Кытайлар, япондор 120-130 жашка чейн жашашат го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан