Борбор калаада 1 аптага карантинге жабылган №2-клиникалык төрөт үйү бүгүнкү күндөн тарта штаттык режимде иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган төрөт үйүнө суу чечек менен ооруп калган кош бойлуу бейтап түшкөн. Ооруну башка энелерге жана балдарга жуктуруп албоо үчүн 19-январдан бери кош бойлуу айымдарды кабыл алууну убактылуу токтоткон болчу.