Жумуш издөө максатында Кыргызстандын аймагынан чыгып, акыркы 11 жыл бою дайынсыз жүргөн кыргызстандык жаран Муса Маматов табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда SUPER.KG порталына Орусиянын Бурятия Республикасынын Улан-Удэ шаарындагы кыргыз диаспорасынын кеңешчиси Алымбек Абжамилов билдирди.
Анын айтымында, М.Маматовду Улан-Удэнин Железнодорожный районунун Миграция кызматынын инспекторлору мас болуп жүргөн жеринен табышкан. "Учурда аны Кыргызстанга депортациялоо максатында документтерин даярдап жатабыз. Бирок ага мекенине жөнөтүү жөнүндө айтканыбызда, кызынын көзүнчө "Кетпейм, асынып өлөм!" деген. Акыры аны кете турган кылдык. Жакында ал бөлүштүрүү борборуна жөнөтүлөт. Андан соң мамлекеттин эсебинен Ош шаарына чейин депортацияланат",- деди диаспора өкүлү.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында 11 жыл бою дайынсыз жүргөн кыргызстандык Маматов Муса Карабаевич
тууралуу маалымат
чыккан. Ал 1964-жылы 13-февралда туулган, апасы Оштун Жапалак айылында борбордук мечиттин артында жашайт. М.Маматовдун айтуусу боюнча, апасы
Калбү 84 жашта. Биринчи аялынан 2 уулу жана экинчи аялынан 1 кызы бар. Уулдары
Данияр 24 жашта,
Орозбек 22 жашта, кызы
Аяна 19 жашта.
Анын Бурятияда селсаяктар менен тентип жүргөндүгү да
айтылган. Мекендештерибиз аны биринчи аялы менен сүйлөштүргөндө, ал айымды сөгүп, "кызымды тапмайынча мага чалба" деген. Андан соң
Муса Маматов токойго жумушка кетүүнү көздөп, акыркы эки ай ичинде кайда экени белгисиз болгон. Диаспора өкүлдөрү менен байланышка чыккан анын кызы Аяна атасын издеп, өзү жашап жаткан Красноярск шаарына алып кетем деген.