2014-жылдын башында 15 даана жаңы трансформатор орнотуу пландалган болсо, жыл ичинде 6-10/0,4 кубаттуулуктагы 45 даана жаңы трансформатор орнотулду. Тактап айтканда, жумуш 300 пайыз көрсөткүчтү түздү. Мындай маалыматты “Жалал-Абад электр” ачык акционердик коомунун техникалык директору Сардар Мамашовго шилтеме берүү менен аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, андан тышкары 6-10/0,4 кубаттуулуктагы 135 даана трансформатордун кубаттуулуктары жогорулады. Ушул эле учурда жыл башында 35 Кв 54 даана көмөк чордонду оңдоп-түзөө планга кирген. Натыйжада жогорку чыңалуудагы 55 даана көмөк чордон жана 1777 трансформатор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ошондой эле авариялык өчүрүүлөр 2013-жылга салыштырмалуу аз катталганы айтылат маалыматта.