Өмүр бою өз энесин көрбөй келген мозамбиктик (Африка) Сальвадор Айрес аттуу жигит өзүнүн 25-туулган күнүндө көптөн-көп күткөн белегине ээ болду. Ал өткөн аптада өзүнүн кыргызстандык энеси Залина Абдалиева менен жолугушту. Ал эми бүгүн эртең менен Кыргызстанга баланын атасы да учуп келди. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Эл аралык Кызыл Жарым Ай коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сальвадор Айрес - Анголанын жараны менен кыргызстандык айымдын уулу. Анын ата-энеси 80-жылдардын аягында таанышкан. Ал кезде кенже Сальвадордун (уулу) атасы Сальвадор (улуусу) Фрунзедеги окуу жайлардын биринде билим алчу. Кийин ал Залина аттуу айым менен таанышып, экөө баш кошкон. Ортодо Сальвадор (кыргызча аты Тилек) аттуу уулдуу болушкан. Көп өтпөй Сальвадордун окуусу аяктап, ал мекенине кайтууга аргасыз болот. Баланын энеси Африкага баруудан коркуп, анын үстүнө ал тубаса дүлөй болгондуктан, жолдошунун мекенине кетүүдөн баш тарткан. Жаш жубайлар өз ара сүйлөшүп, бала атасы менен кетип, энеси бир нече убакыттан кийин алардын артынан бармакчы болот. Бирок андай болгон эмес. Анын үстүнө жубайлар бири-биринин так даректерин алышкан эмес.
"Окуя 25 жыл мурун болгон жана бул окуя анын ар бир катышуучусунун эсинде гана сакталып кала бермек. Бирок кенже Сальвадор бала кезинен бери алыскы Кыргызстанда жашаган өз энеси менен жолугушууну кыялданып, бир күнү аны менен кучакташууну самап келген. Сальвадордун колунда энесинин бир гана сүрөтү болгон. Ал ар дайым атасынан апасы менен эмне себептен байланыш үзүлүп калгандыгын сурап, энеси менен жолугуунун жолдорун издеп келген. Акыры ал өзүнүн кыялын Эл аралык Кызыл Жарым Ай коомунун жардамы менен ишке ашырды",- деп айтылат маалыматта.
Эл аралык Кызыл Жарым Ай коомунун Кыргызстандагы "Үй-бүлөлүк байланышты калыбына келтирүү" долбоорунун координатору Салтанат Абдыжапарова билдиргендей, Сальвадор жардам сурап 2014-жылдын май айында кайрылган. Ошол убакыттан тарта анын энесин издөө жумуштары кызуу жүрө баштаган. Залина айым Аламүдүн жана Сокулук районунун паспорттук бөлүмдөрү аркылуу изделип, кийин ал каттоодо турган Дүлөйлөр коому аркылуу табылган.
"Биз виза алууга гана көмөктөштүк. Сальвадордун атасы бүгүн учуп келди. Долбоор 1992-жылдан бери иш алып барууда. Бул долбоор аркылуу биз миңдеген үй-бүлөнү бириктире алдык",- дейт С.Абдыжапарова.
Ал эми Залина айым жана анын үй-бүлөсү баланы көрөбүз деген үмүтүн үзүп койгон. Себеби Сальвадор баласын өз мекенине алып кеткен учурда ал жашаган аймакта согуш болуп жаткан.
"Сальвадор бизди издеп жатканын угуп, аябай кубандык. Биз ага көптөгөн белектерди даярдап койгонбуз. Аны тосуп алуу үчүн улуттук тамак-аштарды даярдаганбыз. Анын урматына атайын мал союп, коноктойбуз",- деди баланын таежеси Алтынай Абдалиева.
Учактан түшүп залга кирген Сальвадор менен анын энеси бир нече убакытка чейин бири-бирин коё бербей, бекем кучакташып турушту. Сальвадордун биринчи айткандары "мен үйүмө келдим" деген сөздөр болду. Андан кийин жигиттин башына ак калпак кийгизилди.
"Мен апам менен жолугушканыма абдан кубанычтамын. Апамды көпкө издедим. Учактан эки кыргыз үй-бүлө менен сүйлөшүп келдим. Мен эми Кыргызстан жөнүндө көп нерсени билем, бирок мындан да көптү билгим келет. Эмки жолу бул жакка өзүмдүн үй-бүлөмдү алып келем. Бирок ага чейин апамды өзүм жашаган жакка алып кетип, жубайым, кызым менен тааныштыргым келет",- деди Сальвадор Айрес.
Кенже Сальвадор англис тилинде гана сүйлөп, ал эми анын энеси кыргыз жана орус тилдерин билген сурдокотормочунун жардамына муктаж болгондуктан, аларга Кызыл Жарым Ай коомунун кызматкерлери жардамдашууда.