Ош шаарында мектеп окуучуларынын олимпиадасында окуучулар сынакты электрондук систем менен тапшырышууда

Бүгүн, 26-январда Ош шаарындагы мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын аймактык баскычы башталды. Анда олимпиадага катышкан бардык окуучулар электрондук систем, тактап айтканда, жалаң компьютер аркылуу белгиленген убакыттын ичинде берилген суроолорго тест аркылуу жооп беришүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, электрондук систем менен өткөрүүнүн артыкчылыктары дароо байкалууда. Мектеп окуучуларынын олимпиадасынын уюштуруучусу, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулкана башчысы Жеңиш Байзаков маалымдагандай, эң негизгиси, калыс бааланып, адилеттүү жыйынтык чыгарылып жатат. Окуучулар тапшырмалардын жыйынтыгын дароо көрүштү жана бул сыртка илинген чоң экран аркылуу да баарына көрсөтүлүп турат.

Мурунку жылдардагыдай көп убакыт коротуп жыйынтыгын күтүп отурбай, сырттагы экран аркылуу мугалимдер жана балдары менен бирге келген ата-энелер ошол жерден эле кабардар болушууда. Окуучулардын олимпиадасы Ош технологиялык университетинин компьютердик бөлмөлөрүндө өтүүдө.

5 күнгө созула турган олимпиадага шаардагы мектептердин 9-10-11-класстарынан 2ден окуучу катышып жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан