Токмокто иске ууланып көз жумган үй-бүлөдөн аман калган кыз да каза болуп калды

Буга чейин Токмок шаарында 8-январда бир үй-бүлөдө 3 кыз жана алардын атасы иске ууланып каза болгону тууралуу жазган болчубуз. Бул каргашалуу окуяда ал үйдө аман калган 21 жаштагы кыз кечээ түнү өзүнө келбей жатып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда SUPER.KG порталына Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Орозалы Кочоров билдирди. 
"21 жаштагы кыз биздин оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 21-январь күнү эртең мененки саат 09:50 алынып келген. Ошол эле күнү ага оор операция жасалган. Анын абалы өтө оор эле, ал баш мээнин комасында болчу. Тилекке каршы, 26-январда түнкү саат 03:00 чамасында өзүнө келбей жатып каза болуп калды. Азыркы тапта анын сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү",- деди О.Кочоров. 
Эске салсак, буга чейин каза болгон кыз түшкөн Токмок шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн бөлүм башчысы Жүрсүн Кошоева кыздын абалы оор экенин жана ал мурунку калыбына келеби же жокпу белгисиз экендигин айткан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
yasmina_kg
2015-01-26 19:54:40
Ис абдан коркунучту.Колдон мындан 2-3 жыл мурун бир уйдон 6 адамдын омурун алган.Кобу кичинекей наристелер болчу.Жатка жери жайлуу болсун.Аллахым бейиштен орун берсин.
0
Deesmond
2015-01-26 20:36:17
Жаткан жери жайлуу болсун!!!
0
ainuska00
2015-01-26 20:43:13
иск эмне ал?
0
rahat.87
2015-01-26 23:04:18
ainuska00,иск эмес ис-жыт деген соз
0
ainuska00
2015-01-27 11:11:38
rahat.87,рахмааат))
0
Aisanat
2015-01-27 17:04:24
ainuska00, ис деген жыт деген соз эмес. Ал комур куйгондо болунуп чыккан уулу газ, ыш.
0
SULUU-KYZ
2015-01-26 20:48:00
Жаткан жери жайлуу болсун
0
Bakulya79
2015-01-26 22:25:56
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун.
0
Akmosha
2015-01-26 22:30:52
Токмокто дунгандар экен булар,исктен эмес эле баклажан кошулган салаттан ууланышыптыр.Апасы Алма Атада экен эле.
0
Alina1984
2015-01-26 23:09:10
Негизи баклажан кошулган салат жаппайм мен,уулануу коп болот екен,биздин кошунаныкынан жеп ,кусуп ес алгам,болушу мумкун салаттан ууланганы,дунгандар коп жабат да салаттарды,бирок ен окунучтуусу бир уйдон баары каза тапканы ,апасына еле кыйын болду
0
alatookg312
2015-01-27 00:03:05
трубочист деген профессия жок болуп кеттиго ошол трубаны тазалап турбаса толуп бутуп калат дагын жакшы куйбой газ болунуп чыгат комурдон анан форточканы да кичине ачып коюш керек
0
orhidea83
2015-01-27 00:37:04
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун...
0
sherzatik
2015-01-27 02:21:58
абдан окунучтуу)жаткан жерлери жайлуу болсун!козго жаш толдугоооооооо
0
kama_future_millioner
2015-01-27 02:27:06
Жаткан жерии жайлуу болсун, Аллах бейишти ыраа көрсүн
0
forgotten
2015-01-27 02:58:28
Жаткан жери жайлуу болсун
0
sarishka
2015-01-27 03:35:41
Jatkan jeri jailuu bolsun
0
bema_bema
2015-01-27 04:48:48
Жаткан жери жайлуу болсун ((( бир уйдон 5 адам жоготуу ото окунучтуу .Апасына ден соолук,сабырдуулук.
0
al79mi
2015-01-27 10:28:19
Жаткан жери жайлуу болуп, Алла Таалам Бейишинен орун берсин! Баарыбыздын бараар жерибиз ошол!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан