Орусия Кыргызстанга 445 квота бөлүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 26-январда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинде КРнын билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү орусиялык кесиптештери менен 2015-2016-жылдарга жогорку жана кошумча кесиптик билим берүү программалары боюнча бюджеттик орундарды бөлүштүрүү маселесин талкуулашты.
"Окууга талапкерлер тестирлөөнүн негизинде, аңгемелешүүнү эске алуу менен тандалат. Мындан тышкары алардын облустук, республикалык жана эл аралык деңгээлдеги олимпиадаларда жеткен ийгиликтерине көңүл бурулат",- деп түшүндүрдү мекеме.
Айта кетсек, талапкерлерди тандоо 25-февралда аяктамакчы.