Бишкекте 22 миңден ашуун адам кызамык оорусуна каршы эмделди

Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин билдирүүсү боюнча, 2015-жылдын 26-январына чейин шаар боюнча 22 622 адам кызамык оорусуна каршы эмделди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, калаанын Үй-бүлөлүк медицина борборлору жана стационарларда чыпкалар уюштурулуп, оорунун алдын алуу жана чектөө боюнча күчөтүлгөн иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө калаанын медицина кызматкерлери тарабынан 13 109 текшерүү жүргүзүлүп, 37 346 адам кароодон өткөрүлдү. Кызамык оорусун чектөө жана оорунун алдын алуу боюнча ыкчам штабдын акыркы жыйынында Саламаттыкты сактоо департаментинин директору Амангелди Мурзалиев калаанын бардык дарылоо-профилактикалык уюмдарынын жетекчилерине Чүй облусунун медициналык мекемелери менен окуучуларды эмдөө боюнча  биргеликте иш алып баруу тапшырмасын койду. Анткени Чүй облусунда жашап, шаардын мектептеринде окуган окуучулар да бар. Ошондой эле жеке мектептерде жана бала бакчаларда кызамык оорусу катталса, токтоосуз Саламаттыкты сактоо департаментине билдирүүгө чакырат. Эс алуу күндөрү калаадагы бардык ҮМБда дарыгерлер жана медицина кызматкерлеринин кезмети түзүлүп, ооруга каршы иштерди алып барышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан