Бишкек мэриясы европалык банк менен 8 миллион еврого гранттык келишим түзөт

Бүгүн, 27-январда Бишкек шаарынын мэриясы Өнүгүү жана реконструкция европалык банкынын (ӨРЕБ) "Борбор калаада катуу тиричилик калдыктары боюнча системин жакшыртуу" долбоорунун негизинде 8 миллион еврого гранттык келишимге кол коёт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мэр Кубанычбек Кулматов, каржы министри Ольга Лаврова, "Тазалык", "Бишкек санитардык полигону" ишканаларынын жетекчилиги жана аталган банктын өкүлдөрү катышат.

"2014-жылдын ичинде бардык тиешелүү министрликтер жана мекемелер менен макулдашуулар жүргүзүлгөн. Бул грант 2013-жылы КРнын Өкмөтү жана ӨРЕБдин ортосунда бекитилген долбоордук келишимдин бөлүгү болуп саналат. Жалпы сумма 22 миллион еврону түзөт",- деп кошумчалады мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
edu.kg
2015-01-27 11:14:29
Ушул акчалар борборубузга иштетилбестен ,кумга синген суудай ,озунон озу, он,сол чонтоко урулуп жок болушуна 100% кепилдик берем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан