Бүгүн, 27-январда борбор калаанын бир катар аймактарында көмөк чордондогу оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 17:00гө чейин “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” жогорку чыңалуудагы 110/35/10 кВт "Парковая" көмөк чордонунда оңдоо иштерин улантып, Байтик баатыр көчөсүнөн тарта 12-кичи районуна чейинки Аалы Токомбаев көчөсүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. "Түндүк электр” ишканасы жумуш учурунда келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.