Бүгүн, 27-январда Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан кеңешмеде “Жалал-Абад шаарынын аймактарын жашылдандыруу эрежелери” долбоорундагы жобо тууралуу мэриянын алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Садир Айтбаев катышуучуларга маалымат берди.
Ал белгилегендей, эрежелер "Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" мыйзамга, Жалал-Абад шаардык мэриясынын жобосуна ылайык иштелип чыккан жана Жалал-Абад шаарынын аймактарын көрктөндүрүүнүн, тазалыкты жана тартипти камсыздоонун, санитардык абалын жана жашылдандыруунун бирдиктүү тартибин орнотот. Жобону менчиктин түрүнө карабастан, шаарда жайгашкан бардык юридикалык жана физикалык жактар менен биргеликте талкуулап, коомдук угуулар өтүп, сунуштар жана кошумча-алымчалар толук иштелип чыккандан кийин Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин сессиясына сунушталат. Депутаттар тарабынан да талкууланып, колдоого алынса, бул жобо шаар ичинде күчүнө кирет.
Бул маалымат угулгандан кийин Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов: "Урматтуу кеңешменин катышуучулары, бул жобо боюнча толук маалымат алыңыздар. Анткени бул жобо "сен таза болсоң, мен таза болсом, шаарыбыз да таза болот" деген мазмунда жазылды. Ушул жободогу эрежелер менен таанышып, шаардын тазалыгына кайдыгер карабайсыздар деп ойлойм",- деп кошумчалады.