2015-жылы жалпы 3 Өрт өчүрүү жана Куткаруу кызматтарынын ишке кирүүсү пландалууда

Бишкек - Торугарт, Бишкек - Эркеч-Там жана Ысык-Көл аймактарындагы стратегиялык багыттагы жолдордогу ар кандай техногендик кырсыктарды жоюу жана жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү максатында 2014-жылы 21 Өрт өчүрүү жана Куткаруу кызматтары ишке кирген. Жогорудагы Өрткө каршы куткаруу бөлүмдөрү ачылгандан бери 499 жолу ар кандай кырсыктарда куткаруу ишине чыгышса, анын ичинен жол кырсыктарына 168 жолу, башка кырсыктарга 331 жолу чыгышып, куткаруу иштерин жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында 52 адамды, анын ичинде 16 өспүрүмдү куткарып калышкан. Андан сырткары 78 адамга телефон аркылуу кеп-кеңештерди беришкен. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.  

Маалыматка ылайык, 2015-жылы бул жумуштар андан ары улантылып, Чүй облусунун Сокулук районундагы №23-аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүмү, Ысык-Ата районундагы №3-өрткө каршы куткаруу бөлүмү жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы №51-аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүмү (жалпы 3 Өрткө каршы куткаруу кызматтарынын) ачылуусу пландаштырылууда. 2016-жылы 11 жана 2017-жылы 11 Өрткө каршы жана кырсыктан куткаруу бөлүктөрүн ачуу мерчемделген.  

Анын алгачкылары катары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун Азербайжан мамлекетине барып, ал жактагы кесиптештери менен сүйлөшүп, жетишилген келишимдерге ылайык, 2015-жылдын башында Азербайжандан ӨКМнын Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигине 5 даана өрт өчүрүүчү унаа гуманитардык жардам иретинде берилип, ал Кыргызстанга алынып келинди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан