Бишкек шаарында жыл башынан бери айдоочуларга карата 4540 административдик протокол түзүлүп, 230 унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулган. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери мас абалдагы 23 айдоочу токтотулган, коомдук жайларда унааны туура эмес жерлерге токтоткон айдоочуларга карата 1475 протокол түзүлгөн. Ошондой эле транспорттук каражаттарынын алдынкы эшигинин терезесин жана маңдайкы терезесин караңгылатып алгандарга карата 62 административдик протокол түзүлгөн.