Укук коргоочу балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын албагандыгы үчүн маданият өкүлдөрүн сынга алды

"2 жашар балага карата зордук-зомбулук көрсөтүлгөндүгү боюнча жаңылык чыкканда интернеттеги социалдык тармактарда катуу талкуу жүргүзүлгөн. Ал эми ошол эле учурда маданият өкүлдөрү кыңк этпей, ооздорун жаап отуруп, эч кандай иш кылышкан жок". Бул тууралуу бүгүн, 27-январда өкмөттүн жарандык коомчулук жана бейөкмөт уюмдар менен жолугушуусунда укук коргоочу Чолпон Жакупова билдирди.

Анын айтымында, балдарга карата зордук-зомбулук цивилизациялык мүнөздөгү көйгөй болуп саналат. "Биздин коом бузулуп баратат. Жакында франциялык "Шарли-Эбдо" журналындагы карикатураларга каршы миңдеген эркек митингге чыккан. Эмне себептен алар аялдарды зордуктоо көйгөйүн көтөрүп чыгышпайт? Балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча программада дин ишмерлеринин ролун баса белгилеш керек. Анткени алар жаштарга чоң таасирин тийгизишет. Ошондой эле маданият ишмерлеринин да ролу жогору. Бирок кичине балдарга байланыштуу акыркы окуялар боюнча алардын эч кандай иш жүргүзбөгөндүгү бир топ суроолорду жаратат",- деди Жакупова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shpionka
2015-01-27 16:30:49
Ушу жыл башталганда эле кичинекей балдарды зордуктамай мн башталды го. Кудай озу ыйман берип наристелер кор болбосо экен
0
Nuri-Alina
2015-01-27 17:38:24
Эн биринчи ушу маселени чечишсин каяктагы бирин бирин чукулабай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан