Бүгүн, 27-январда Дайыр Асанов атындагы сейил багында Ленинграддын фашисттердин колунан бошотулганынын 71 жылдыгына карата митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чара мэр Кубанычбек Кулматов, Ленинград блокадачылар коомунун төрайымы Анна Кутанова, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько, Ленинград блокадачылары жана согуштун ардагерлеринин катышуусунда өттү. Чогулгандар курман болгондордун даректерине жылуу сөздөрдү узатып, эстеликтерге гүл коюшту.
Кошумчалай кетсек, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин Ленинград шаары фашисттердин курчоосунда турган. Курчоодо 2 миллион 544 миң жаран калып, анын 400 миңге жакыны жаш балдар болгон. Ачарчылыктан 640 миң адам көз жумган. Бирок шаардыктар каармандык көрсөтүп, душманга баш ийип беришкен эмес.