Өткөн аптанын соңунда грециялык ырчы Демис Руссос 68 жаш курагында дүйнө салды. Музыканттын эмнеден улам каза болгону белгисиз. Демис Руссос Грецияда да, Францияда да жашап келген. Бул тууралуу ырчынын кызына шилтеме берүү менен 26-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Демис Руссос (Артемиос Вентурис Руссос) 1946-жылы 15-июнда Александрия шаарында музыканттын үй-бүлөсүндө туулган. 1960-жылдардын башында Руссос Вангелис менен биргеликте арт-рок стилинде ырдаган "Aphrodite's Child" ансамблин негиздеген. Алар бир гана Грецияда эмес, бүткүл Европада атактуулукка жетишишкен. 1970-жылдардын соңунда жеке долбоорлорунун үстүндө иштеп, "We Shall Dance", "Goodbye My Love", "Souvenirs" сыяктуу белгилүү ырларды жараткан. 1980-жылдары ал жылына 150гө чукул жеке концертин берип турган.