2006-жылдан тарта Кыргызстанда бойго жете элек балдарга карата 909 кылмыш катталган, алардын 140ы - сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулуктар. Бул мөөнөттүн ичинде зордук-зомбулуктун айынан 92 бала каза болгон. Бул тууралуу өкмөттүн жарандык коомчулук менен балдар маселесине арналган жыйынында социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Анын айтымында, былтыр 2156 кароосуз калган бала катталган. Ал эми 2013-жылы бул көрсөткүч 2311ге барабар болгон. "2014-жылы миңге жакын бала камкордукка, 643 бала асыроого алынган, 139 бала интернаттардан үй-бүлөлөрүнө кайтарылган",- деди министр.