Өткөн жылы өлкө аймагында 9 миңден ашуун ажырашуу катталып, эң көп ажырашуулар Ош шаарында болгон

2014-жылы өлкө аймагында 9276 түгөй расмий түрдө ажырашкан. Эң көп ажырашуулар Ош шаарында катталган. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынын башкы адиси Эльзат Кыдырмышева билдирди.

"Бишкек шаарында 1820 адам, Чүй облусунда 2082, Ош шаарында 2274, Ош облусунда 1398, Баткен облусунда 585, Жалал-Абад облусунда 1377, Талас облусунда 403, Нарын облусунда 418 жана Ысык-Көл облусунда 772 адам ажырашкан",- дейт Э.Кыдырмышева.

Маалыматка ылайык, 2013-жылы өлкө аймагында 9065 адам расмий түрдө ажырашкан. 2014-жылы ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны 2013-жылга салыштырмалуу 211ге көп. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zman53
2015-01-28 09:59:17
Кыз ала качуу,ата-энеси эптеп эле кызым турмушка чыксын деген ой менен кыздарды турмушка бере беребиз.Ошонун айынан ажырашуулар коп болуп жатат.Эркек балдардын жоопсуздугу да буга таасирин тийгизет.Бугунку кундо турмушка чыкканда эч кандай укугу жок.Куйоосу кет десе кете берет.Ушуга карата жакшы мыйзам кабыл алынса жакшы болот эле.
0
zman53
2015-01-28 10:02:24
Урматтуу супер инфо!Уй булоо куруу маселеси туралуу депутаттар менен жакшы маек куруп,талкуу жургузсонуздор жакшы болот эле.Былтыркы жылы эле канча ажырашуулар болгон.
0
admin_portal
2015-01-28 10:35:14
zman53, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан