Аймактык тескөөчүлөр жана өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор 2-февралдан тарта эл алдында отчётторун беришет. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чаранын өткөрүлүшү менен ички иштер органдарынын эл алдындагы бедели жана ишеними жогорулайт. Ошондой эле Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жана аймактык тескөөчүлөрдүн коомчулук менен биргеликте иш алып баруусу артат.