Өлкөнүн түштүк аймагында апрель айынан тарта зордук-зомбулукка кабылгандар үчүн кризистик борборлор иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда SUPER.KG порталына Республикалык психикалык ден соолук борборунун жетекчиси Ураимжан Исмаилов билдирди.
"Февраль айынын башында ал жакта ачыла турган кеңселердин акыркы даярдыктарын көрүп келебиз. Кризистик борборлорду ачуу 1-апрелге пландалууда. Бул пилоттук долбоор 1,5 жылга эсептелинген. Кийинчерээк ушул сыяктуу борборлорду өлкөнүн бардык аймактарында ачабыз деп пландап жатабыз. Бул долбоордун жардамы менен биз зордук-зомбулукка кабылгандарды атайын адистердин жардамы менен дарылап, мурунку калыбына келтирүүнү көздөөдөбүз",- дейт У.Исмаилов.
Жетекчинин айтымына караганда, азыркы тапта психотерапевт, клиникалык психолог сыяктуу кесиптердин маянасы төмөн болгондуктан, бул кесипке жаштар кызыгышпайт. Ал эми өлкөнүн айрым аймактарында мындай адистер жетишсиз болсо, айрымдарында такыр эле жок.