Өкмөт жооп берет: Эки кабаттуу үйдүн биринчи кабатына дүкөн ачыш үчүн кимден уруксат сураш керек?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: - Эки кабаттуу үйдүн биринчи кабатына дүкөн ачайын деп жатам. Бул үчүн каяктан, кандай уруксат кагаздарын алам? Же жөн эле ача берсем болобу? Суроо калтырган boss79. 

Жооп: - Эки кабаттуу үйдүн биринчи кабатына дүкөн ачыш үчүн районуңузга караштуу Архитектура кызматына кайрылууңуз зарыл. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынан патент алуу керек.

Суроого Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жооп берди.  

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан