Мааракеге арналган иш-чаралардын алкагында коомдук жайларда көрсөтмө маалыматтар илинмекчи. Билим берүү мекемелеринде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгү тууралуу кароо-сынактар, кечелер жана ачык сабактар өткөрүлмөкчү. Ошондой эле бул мааракеге арналган семинарлар, тегерек стол, акциялар жана фестивалдарды өткөрүү пландалууда.