Борбор калаадагы Чыгыш-5 кичи районунда иштеп жаткан көмүскө сойкукана аныкталды. Бул жай Жогорку Кеңештин депутаты Турсунтай Салимовго таандык экени айтылууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Бишкек ШИИББинин адам сатууга жана сойкулук жайларды уюштурууга каршы бөлүмүнүн башчысы Саламат Адылов билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган бөлүмгө борбордогу Чыгыш-5 кичи районундагы “Prado” спорттук-көңүл ачуучу клубунда 2 сауна көмүскө иштегени жана ал жакта кыздар сойкулук менен алектенгени тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматты текшерүү маалында ал жакта сойкукана бар экени далилденген. Ошондой эле ал жакта иштеген 8 кыз жана 2 администратор кармалган. Иликтөө иштеринин алкагында алар саатына 3-4 миң сом ала тургандыгы аныкталды. Учурда бул иш боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери улантылууда.