Бүгүн, 28-январда Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин окуучулары мугалимдеринин коштоосунда Жалал-Абад шаарына атайын театр дүйнөсү менен таанышып, спектакль көрүүгө келишкен. Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, алар үчүн Барпы театрында атайын спектакль коюлду.
Алгач аларга театрдын директорунун орун басары Конокбай Курманбеков театрдын кызматкерлери, сүрөтчүлөрү, кийген кийимдеринин жасалыштары, ошондой эле драманы элге кантип тартуулап, канчалык эмгек кетерин айтып түшүндүрүп берди. Аны менен бирге Куурчак театрынын артисттери жомоктон үзүндү көрсөтүштү. Улан Жукеновдун “Үч каракчы” спектакли театрдын таланттарынын аткаруусунда окуучуларга тартууланды. Ж.Бөкөнбаев мектебинен келген окуучулар - “Ийгиликтин паспорту” долбоорунун окуучулары. Окуучулардын жетекчиси Жылдыз Калдарбекова алар ушул сыяктуу театр жана университеттерге барып өздөрүнүн келечеги үчүн аракеттерди жасап келишерин айтып өттү.