"Мени Ооганстанга кулчулукка саткан таякем чоң кызматта, ошол үчүн жоопкерчиликке тартылбай жатат" дейт Таалайбек Абдрахманов

"Бизди Ооганстанга жиберген таякем туңгуч президентибиздин маалында президенттик аппаратта иштеген, азыр да чоң кызматта отурат. Адамдарды кулчулукка сатып жатышат, кайсы жакка арыз жазбайын, ишим жабылып калып жатат. Анын бардык жакта тааныштары бар". Мындай оюн бүгүн, 29-январда SUPER.KG порталына "мени Ооганстанга кулчулукка сатышты" деген Таалайбек Абдрахманов билдирди.   
"Таякем Улан Боромбаев жана анын Салтанат, Нургүл аттуу карындаштары, жадакалса алардын энеси да адамдарды кулчулукка сатуу менен алектенишет. Карындаштары чет өлкөлөргө көбүнчө кыздарды алып кетишет. Мен Кыргызстанга кайтып келгенде таякеме бардым. "Бул эмне кылганыңар?" десем, "колуңдан келгенин кыл" деп жолго салды. Андан кийин мен президенттин аппаратына, Аламүдүн РИИБине, Аламүдүн райондук прокуратурасына, кийин Башкы прокуратурага, акыйкатчыга да кайрылгам. Менин арызымды караган 4 тергөөчү алмашты. Бирок эч майнап чыккан жок, тескерисинче, азыр тууганым мени өлтүрүп коёрун айтып коркутууда. Биз Гераттагы америкалыктардын базасынан кетип баратканыбызда биздин орунга башка 5 кыргызстандык келатканын айтышкан болчу. Менин оюмча, алар да биз сыяктуу кулчулукка сатылгандар болуп чыгышы мүмкүн",- дейт Т.Адрахманов. 
Анын айтымында, эгер бул иш боюнча эч кандай майнап чыкпаса, ал кайрадан КРнын Президентинин аппаратына, премьер-министрге кайрылмакчы.   
Таякеси жээнин кулчулукка сатканбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
bazar
2015-01-29 15:03:50
Жээн эл болбойт деп сатып жиберген го...
-3
Kalin466
2015-01-29 16:18:37
bazar, сага кулкуда,ушул адам балким ал жакта ит корбогон кордукту коргондур.
+4
B.roza
2015-01-29 17:20:24
Буларды созсуз териштирип ал адамдар жазаларын алуу керек.Уяты жоктор кантип уялбай оздорунун бир бооруна ушундай мамиле кылышат.Жараткан алардын жазасын берсин!!!
+5
Ariet7
2015-01-29 20:20:12
адамдарды сатат дейт эй карындаштары дагы ужас убал каргыштан кудайдан коркпогон немелер го
0
aihan77
2015-01-29 20:48:34
Эмнеге ошол тайкесинин аты жонун ачыгын айтпайт? Ушунча келиптир баарын ачык эле эл алдында айтса кантип олтурмок эле? Эл кубо болот эгер бул адамга бирдеме болсо куноолуу ошол тайкеси болот! Ачыгын айтыш керек мындайда!
0
nursultan93
2015-01-29 21:05:22
атын айтыптурго тайкесинин жакшылап окуусан
0
gusijashoo
2015-01-29 21:54:50
А эмнеге тайкесинин аты айтылган жок. Аты айтылбаса маалыматынын кандай кереги бар?
0
Almaz_kg
2015-01-29 22:53:16
Тайакеси Улан Боромбаев деп туратко
0
Arlenchik
2015-01-29 23:52:53
Бул ишти иликтеп эгер далилденсе кылган адамдарга карата кылмыш иши козголуп алар оз жазасын алыш керек,бирок буга биздин кызмат ордунда отургандар конул буруп иш отосуно чыгар бекен.
0
sabyr1977
2015-01-30 01:36:06
Президенттик аппарат тыяк бияк деп отурасынбы байке.эч ким укпайтабы?анда ошол тайкенди ХХХ ХХХ ХХХ... ошондо биздин чондор кыймылдайт.
+1
admin_portal
2015-01-30 12:44:36
sabyr1977 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан