Ош. Аймактык олимпиаданын электрондук систем менен өткөнү ата-энелерге, окутуучуларга жакты

26-январдан тарта өтүп жаткан Ош шаарындагы мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын электрондук систем менен өткөрүлүп жаткандыгын шаардагы мектеп мугалимдери жана олимпиадага катышкан балдардын ата-энелери жактырып, жакшы жол тандалганын айтышты.

Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, шаардагы Ломоносов атындагы мектептин директору Г.Осекова олимпиаданын жүрүшү жөнүндө буларга токтолду: “Окуучулардын олимпиадасын өткөрүүдө жыл сайын талаш-тартыш болуп, "суроолор алдын ала сатылат экен" деген сыяктуу ар кандай сөздөр айтылып келер эле. Жыйынтыгы чыккыча да бир топ убакыт күтчүбүз. Бул жылы электрондук системде өткөрүлгөндүгү баарыбыз үчүн жакшы болууда. Кайсы мектептин окуучусу кандай жооп бергенин баарыбыз көрүп турабыз, жыйынтыгы да дароо чыгарылып жатат. Бул ыкманын республика боюнча жайылышын каалайт элем”.

Мектеп окуучуларынын олимпиадасынын аймактык баскычы ОшТУда 26-январда башталып, бүгүн география жана математика сабактарынан сынактар тапшырылууда. Бул олимпиада эртең, 30-январда жыйынтыкталат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан