Борбор калаадагы акча алмаштыруу жайларында бүгүн, 29-январга карата 1 рублду сатып алуу 87 тыйын болсо, сатуу 88 тыйын болду. 15 күндө рубль 6 тыйынга арзандаган. Жыл башынан бери орус валютасынын курсу улам өзгөрүп жатат. Ушул жылдын 7-январында рубль кыргыз сому менен теңелип, 1 рубль 1 сомго барабар болгон.
Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлардагы валюта курсу. 2015-жылдын 29-январында саат 13:18деги көрсөткүч:
Доллар | Евро | Рубль | Теңге |
Сатып алуу | Сатуу | Сатып алуу | Сатуу | Сатып алуу | Сатуу | Сатып алуу | Сатуу |
60,30 | 60,40 | 68 | 69 | 0,87 | 0,88 | 0,32 | 0,32 |