Төмөнкү Чүй айылында жаңы мечит пайдаланууга берилди

Сокулук районуна караштуу Төмөнкү Чүй айылында жаңы салынган Жусуп Баласагын атындагы мечит пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мечиттин ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Абдыжапар Бекматов, Чүй облусунун мусулмандар казыятынан Кубан ажы Бекешов, Сокулук районунун башкы имамы жана айыл тургундары катышты. 

"Мечиттин ачылышы айыл тургундары үчүн абдан жакшы саамалык. Мындан кийин кары-жаш дебей мечитке келип, жаштарыбыз адептүүлүккө тартылып, коомчулуктагы терс диний агымдардан оолак болууга чоң өбөлгө болмокчу" деп айтылат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан