Ысык-Көл облусунда 2014-жылы токтоп турган бир катар ишканалар жандандырылып, ишке берилген. Алардын ичинде өткөн жылы Түп районундагы Фрунзе айылында шире өндүрүшүн жүргүзүүгө адистешкен “Эрай-Сад” ишканасы ишке кирди. Ошондой эле Балыкчы шаарындагы “Кыргызспецпром” ишканасы өзүнүн өндүрүштүк линиясын жаңылоо менен курулуш мээлейлерин чыгаруучу жаңы жабдууларды орнотуу ишин аяктап, 2014-жылдын апрель айынан тартып өндүрүштүк ишин жандандырды. Ишкана тарабынан 2014-жылы 3,6 миллион сомдук продукция өндүрүлдү. Июнь айында “Кайзер-Фут-Веар” ишканасы өз ишин жөнгө салып, отчёттук мезгилге карата 51,9 миллион сомдук продукция өндүрүлдү. Түп районундагы токтоп турган “Күрмөнтүцемент” заводу өз ишин жандандырып, отчёттук мезгилге карата 3,7 миллион сомдук продукция чыгарды. Каракол шаарында 2014-жылдын май айында “Темир-Бетон” ишканасы өндүрүштүк ишин калыбына келтирип, отчёттук мезгилге карата 15,9 миллион сомдук продукция өндүрдү.
Ак-Суу районундагы картошканы кайра иштетүү ишканасы Түштүк Корея мамлекетинен келген инвестициялык каражат менен курулуп, учурда ишкананын курулушу аяктоо баскычында турат. Ишкананын долбоордук кубаттуулугу бир нөөмөттө 10-12 тонна картошка унун жана крахмал чыгарууга ылайыкташкан.
Учурда “Шахта-Жыргалаң” жана "Fairnesscompany" субъектилеринин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, “Шахта-Жыргалаң” ишканасынын өндүрүштүк линиясын калыбына келтирүү боюнча 500,0 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат өздөштүрүлдү жана ушул жылдын декабрь айынан тартып ишкана ишке киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда жыл жыйынтыгы чыгарылган облустук коллегияда айтылды.